Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Маалымат каражаттарына нааразы болгондор Kloop.kgнин кеңсесинин жанында митинг өткөрүштү

Угармандар басылмада чагымчыл материалдар көп жарыяланарын ырасташууда

Бишкекте Kloop.kgнин редакциясынын жанында ЖКнын экс-депутаты Турсунбай Бакир уулунун катышуусунда да митинг өттү.

Vesti.kg сайтынын кабарчысынын айтымында, басылманын кеңсесинин жанына 30дай адам чогулган.


«Азаттык», «Клооп» жана «Кактус» сайттарына чагымчыл материалдарды жазбабоого чакырабыз. Чет өлкөдөн каржыланган басылмалардын ички саясатына кийлигишүүнүн кереги жок. Бизде ансыз деле кооптуу абал бар”,-дейт Бакир уулу.

Кошумчалай кетсек, экс-депутат Kloop.kgнин кеңсесине кирүүнү чечкен, бирок эшик жабык болгон.


Бакир уулунун айтымында, жогорудагы маалымат каражаттары мыйзам деңгээлинде чет элдик агенттер катарына кирүүгө тийиш.

Ал ортодо укук коргоо коомчулугу коңгуроо кагып, Кыргызстандагы басма сөзгө басым жасалып жатканын айтууда.


Элдос Казыбеков
Фото vesti.kg

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх