Сооронбай Жээнбековдун кудасына козголгон иш токтотулду
Курманкул Зулушев экс-депутат Алиярбек Абжалиевдин иши боюнча эмне үчүн мындай чечим кабыл алынганын тактап берүүнү убадалады
Бүгүн Башкы прокуратура “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимовдун кармалышынын мыйзамдуулугун карайт. Бул тууралуу аталган көзөмөл органынын жетекчиси Курманкул Зулушев маалымат жыйынында билдирди.
«Ураимов социалдык тармактардын бирине бийлик алмашканы тууралуу жазып, жарандарды буга үндөгөн», - деди башкы прокурор. — УКМК аны кечээ кармады. Анын кармалышынын мыйзамдуулугун бүгүн Башкы прокуратура карайт. Чалуулар текшерилет. Эгерде ушундай гана комментарий болсо, анда иш кыскарат. Эгерде бир нече пикирлер болсо, териштиребиз.
Кошумчалай кетсек, Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алиярбек Абжалиевге (экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кайнагасы – ред.) козголгон кылмыш иши токтотулганын билдирди. Башкы прокурор эмне үчүн мындай чечим кабыл алынганын тактап берерин ишендирди.
Эске салсак, буга чейин Мирлан Урамимовдун кармалганы белгилүү болгон. Бул факты боюнча укук коргоо кызматкерлери КР Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакыруу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.
Сүрөт www