2021-жылы экономиканын өсүү темпи 103,6%ды түздү
Мындай маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Сейилбек Урустемов билдирди
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги жыйынтыгы ИДПнын өсүү темпи оң болду. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлигинин 2021-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча коллегияда айтылды.
Министрдин биринчи орун басары Сейилбек Урустемовдун айтымында, ички дүң продукциянын көлөмү 723,1 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 103,6%ды түздү.
«Республикалык бюджеттин жыйынды кирешелеринин жалпы көлөмү 187,4 млрд сомго жетти. 2020-жылдын тийиштүү көрсөткүчүнө салыштырмалуу кирешенин өсүшү фискалдаштыруунун жана экономиканы көмүскөдөн чыгаруунун эсебинен 53 млрд сомду же 139,2%ды түздү.
2021-жылы «Кумтөр Голд Компани» ЖАК убактылуу тышкы башкарууну киргизген. Компания алтын өндүрүү боюнча ишин улантып, бардык кыйынчылыктарга карабастан өндүрүш процесстеринин туруктуулугун көрсөттү.
Чакан жана орто бизнестин кредиттеринин жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн «Айыл Банк» жана «РСК Банк» мамлекеттик үлүшү бар коммерциялык банктарды капиталдаштыруу кошумча 4,0 млрд. Венгер-кыргыз өнүктүрүү фонду (200 миллион доллар) жана өзбек-кыргыз өнүктүрүү фонду (50 миллион доллар) түзүлдү», - деди Урустемов.
сүрөт www