Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Кожокулова: Блогерлерди уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары кармаганды токтоткула!

Элдин тандоосу Кыргызстанда адам укуктарынын абалы тездик менен начарлап баратканын белгиледи

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Гуля Кожокулова айрым активисттер менен блогерлердин кармалышы боюнча пикирин билдирди.

Анын айтымында, блоггерлерди уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары кармап, муну менен алардын укуктарын бузуп жатышат.

«Кечээ кармалган Мирлан Ураимов сыяктуу позицияда баары эле болушу мүмкүн. Адам укуктары тебеленип жатат, анын ичинде социалдык тармактарда блог жазгандардын да. Алар уюшкан кылмыштуу топтун же экстремисттик уюмдун мүчөсү катары кармалууда. Мындай аракеттер улана берсе, биз толук башаламандыкка кептелебиз», - деди ачууланган Кожокулова.

Эске салсак, бир күн мурун УКМК кызматкерлери “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү, журналист Мирлан Ураимовду социалдык тармакка жазгандары үчүн кармашкан.

Укук коргоо кызматкерлери тарабынан лингвистикалык экспертиза жүргүзүлүп, жыйынтыгында КР Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакыруу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Ал 48 саатка УКМКнын УКК СИЗОсуна киргизилген.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх