Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КРнын Министрлер Кабинети автоунааларды тонировкалоого акы төлөнүүчү уруксаттарды киргизүүнү бекитти

Алымдын өлчөмү жана төлөө тартиби мыйзам күчүнө киргенден кийин аныкталат

Министрлер кабинетинин биринчи отуруму 2022-жылы өткөн. Өткөн жылдын каржы-экономикалык жыйынтыгы боюнча министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баяндама жасады.

Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик жер тилкелерин берүүнүн тартиби, автотранспорт каражаттарынын салмагы жана габариттик көрсөткүчтөрүнүн талаптарын сактоо жана улуттук экспорттук контроль системасын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө чечимдердин долбоорлору каралды.

Министрлер кабинетинин мүчөлөрү COVID-19ну дарылоо үчүн дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын тизмесин реэкспорттоого убактылуу тыюу салуу боюнча чечимдин долбоорун жактырды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, коронавирустук пандемия дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө узакка созулуп жаткандыгына байланыштуу, ошондой эле республиканын дары-дармектерге жана медициналык буюмдарга импорттук көз карандылыгын эске алуу менен, тыюуну дагы бир жылга узартуу зарыл.

Унаалардын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатуу үчүн уруксаттын негизинде төлөм киргизүүнү караган мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоору жактырылды. Алымдын өлчөмү жана төлөө тартиби мыйзам күчүнө киргенден кийин министрлер кабинети тарабынан аныкталат.

Министрлер Кабинетинин чечими менен ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоонун алкагында 2858 токтом күчүн жоготту.

Мындан тышкары, Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Инновациялык борбор» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо кабыл алынды.

Ошондой эле жыйында «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын убактылуу тышкы менеджери Тенгиз Бөлтүрүктүн 2021-жылга алтын кениндеги ишинин жыйынтыгы боюнча отчету угулду.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх