Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алымкадыр Бейшеналиев өзүнө түшкөн арыз тууралуу: Кыз реклама кылгысы келет!

Журналист Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысынын таластыктар боюнча айткан сөзү үчүн Башкы прокуратурадан чара көрүүнү суранды

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге байланыштуу Башкы прокуратурага билдирүү келип түшкөн. Бул тууралуу арыз ээсинин өзү, НурТВнын журналисти Акылай Маратова Facebook баракчасына жазды.

Ал башкармалыктын жетекчисинин таластыктар боюнча айткандарына нааразы болуп, аткаминерге чара көрүүнү өтүнөт.

Ал арада Алымкадыр Бейшеналиев өзү Vesti.kg сайты менен болгон маегинде ага карата айтылган билдирүүдөн уялбаганын билдирди. Ал мындай жол менен журналист өзүн жарнамалоого аракет кылып жатат деп эсептейт.

«Арыз жазсын» деп жооп берди Бейшеналиев. - Бул жагынан эч кандай коркконум жок. Кыз рекламаны каалайт.

Буга чейин Башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйынында көзөмөл органы арыз түшсө Бейшеналиевдин айткандары текшерилерин билдирген.

Эске салсак, буга чейин тармакта Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кызматтан алынган Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабековдун креслосуна эми таластык эмес адам отурушу керек деген видео тараган.

Кийинчерээк ал көңүл бурбай айткан сөзү үчүн кечирим сурады.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх