Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Экс-депутат Алиярбек Абжалиев камакка алынды

Сооронбай Жээнбековдун кудасы алдамчылыкка шектелүүдө

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери Жогорку Кеңештин экс-депутаты, экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы Алиярбек Абжалиевди кармашты. Бул маалыматты Vesti.kg сайтына УКМКнын басма сөз борборунан тастыкташты.

Ал арада Биринчи Май райондук соту Абжалиевге тергөө мөөнөтүн камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасын чыгарды.

«Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганда Абжалиевдин алдамчылык аракеттеринен улам 2 миллион доллар зыян тарткан ишкер УКМКга арыз менен кайрылган. Текшерүүнүн жыйынтыгында арыз ээсинин жүйөлөрү тастыкталып, келип түшкөн материалдар «Алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоо чечимине негиз болгон», - деп белгиледи Мамкомитет.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх