Президенттин басма сөз катчысы Акылбек Жапаров жетектеген министрлер кабинети жакын арада отставкага кетет деген кепти четке какты
Ал белгилегендей, Акылбек Жапаров жетектеген министрлер кабинети узак мөөнөттүү болот
Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Акылбек Жапаров жана министрлер кабинетинин бүт курамы жакын арада отставкага кетет деген кептерди четке какты.
«Акыркы убакта коомчулукта Акылбек Жапаров башында турган министрлер кабинетинин алмашышы жана башка бийликтин жогорку эшелондорунда кадрдык алмашуулар болот деген ар кандай кептер тарап жатат.
Буга байланыштуу бул маалымат чындыкка дал келбей турганын расмий түрдө билдиребиз.
Акылбек Жапаров жетектеген министрлер кабинети узак мөөнөттүү болот. Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн алдында чоң милдеттер турат, анын ичинде өлкөнүн консолидацияланган бюджетинин ресурстук бөлүгүн 400 миллиард сомго чейин көбөйтүү планын ишке ашыруу, бюджеттик сектордун кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу ж.б.
Өлкөбүздүн жарандары күнүмдүк турмушунда позитивдүү өзгөрүүлөрдү сезиши үчүн Министрлер кабинети туруктуу жана узак мөөнөттүү иштеши керек.
Ошол эле учурда президент Садыр Жапаров аткаруу бийлигинин башчысы катары министрлер кабинетинин ар бир мүчөсүнүн жеке жоопкерчилигин кароо укугун өзүнө калтырат», - деди Султанбаев.
сүрөт www