Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Марат Жаманкулов Конституциялык соттун аппарат жетекчиси болуп дайындалды

Ал буга чейин юстиция министри болуп иштеген

Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбаев Конституциялык соттун жаңы аппарат жетекчиси – Марат Жаманкуловду аппараттын жамаатына тааныштырды.
 
Эмил Өскөнбаев өз сөзүндө Марат Жаманкулов буга чейин Конституциялык палатанын аппарат жетекчиси кызматын аркалап, ишинин жогорку жыйынтыгын жана өзүнүн профессионалдык сапаттарын көрсөтүп, ошонун аркасында кийин Юстиция министрлигин жетектеп келгенин белгиледи.
 
Төрага ошондой эле 2021-жылы жаңы Конституциянын кабыл алынышына байланыштуу Конституциялык соттун адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоодогу ролу кыйла жогорулап, анын алдында жаңы, чоң милдеттер турганын баса белгиледи.
 
Ал Марат Жаманкуловго жооптуу кызматта жемиштүү иш каалады.

Конституциялык соттун басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх