Нурлан Мусаев Жогорку соттун төрагасынын орун басары болуп дайындалды
Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6-пунктуна жана «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Жогорку соттун судьясы Мусаев Нурлан Алишерович 5 жылдык мөөнөткө Жогорку соттун төрагасынын орун басары болуп дайындалды.
Президенттин басма сөз кызматы
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз