УКМК коррупцияга шектелип Нурлан Мамытовду кармады
Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын мүчөсү 8-мартка чейин камакка алынды
Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын мүчөсү Нурлан Мамытов коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленгендей, атайын кызматтын кызматкерлери Мамытовду 8-февралда кармап, андан соң УКМКнын СИЗОсуна камап салышкан.
Кийинчерээк, 11-февралда Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын 8-мартка чейин УКМКнын СИЗОсуна камакка алган.
Канышай Балкыбекова
сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз