Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тазалыктагы коррупция. Мамлекетке 15 миллион сомдон ашык зыян келтирилген

Прокуратура муниципалдык ишканада мыйзамсыз акча төлөө жана товардык-материалдык баалуулуктарды эсептен чыгаруу фактыларын аныктады

Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан КР бюджеттик мыйзамдарынын бузулушу аныкталды.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэриясынын «Тазалык» муниципалдык ишканасында акча каражаттарын мыйзамсыз төлөө жана товардык-материалдык баалуулуктарды эсептен чыгаруу фактылары аныкталып, анын натыйжасында мамлекетке 15 191 500 сом зыян келтирилген.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 339-беренеси (Атайылап пайдасыз келишим түзүү), 346-беренеси (Кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. .

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх