Кыргызстандык лыжачы Олимпиададагы оюнун жыйынтыктады (видео)
Максим Гордеев бутунан жаракат алып, мелдешти жыйынтыктай алган жок
Кыргызстандык спортчу Максим Гордеев Пекиндеги Кышкы Олимпиада оюндарында өз оюнун жыйынтыктады.
Дене тарбия жана спорт башкармалыгынан билдиришкендей, ал слалом түрү боюнча мелдешкен. Мелдеш Бишкек убактысы боюнча саат 08.15те башталды.
Биринчи жарыштын жыйынтыгында Гордеев финишке жетпей, мелдештен чыгып кетти.
Кийин машыгуу учурунда бутун кокустатып алганын айткан.
«Стартка чыкканда тиземде бир аз дискомфорт болгон. Мен ооруну процессте басат деп ойлогом. Бирок бурулушта бутум туруштук бере албай, жыгылып калдым», - деп түшүндүрдү лыжачы.
Ал колдоо көрсөткөн мекендештерине ыраазычылык билдирип, жыйынтыкка капа болгонун белгиледи.
«Кыязы, бүгүн менин күнүм эмес», - деп жыйынтыктады Гордеев.
Эске салсак, Максим Гордеев Пекиндеги Олимпиадага Кыргызстандан барган жалгыз спортчу.
Сүрөт www