Нурлан Мамытов үй камагына чыгарылды
Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын мүчөсүнүн баш коргоо чарасын сот кандай негизде өзгөрткөнү азырынча белгисиз
Бишкектин Биринчи Май райондук соту Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын мүчөсү Нурлан Мамытовду үй камагына чыгарды. Бул маалыматты Vesti.kg сайтына соттун басма сөз кызматы тастыктады.
Бирок Мамытовдун баш коргоо чарасын кандай негизде өзгөртүү чечими кабыл алынганы азырынча белгисиз.
Эске салсак, ушул жылдын 8-февралында УКМК РКФРнын коллегия мүчөсү Нурлан Мамытовду коррупцияга шектелип кармаган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бирок бүгүн ал 8-мартка чейин үй камагына чыгарылды.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз