№2 клиникалык төрөт үйүндө кызыл зона жабылды
Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчиси бул медициналык мекемеге текшерүү менен барды
Бүгүн, 18-февралда Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирус инфекциясы башталгандан бери Бишкек шаарындагы кош бойлуу жана төрөт учурундагы оорукана катары иштеп жаткан №2 клиникалык төрөт үйүндө болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Төрөт үйүндө дарыгерлер чиновникке 16-февралдан тарта COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абал турукташканына байланыштуу алардын кызыл зонасы жабылып, санитардык тазалоодон кийин аялдарды кадимкидей кабыл алуу жанданганын айтышты.
Ошондой эле, №2 төрөт үйүнүн жетекчилиги министрдин аракети менен мурда жеке клиника жайгашкан имарат кайрадан төрөт үйүнө кайтарылып жатканын белгиледи. №2 төрөт үйүнүн башкы дарыгери Майрам Керималиева Алымкадыр Бейшеналиев менен пландары менен бөлүштү, алар бул имаратта аялдарды текшерүү үчүн бардык керектүү жабдыктары бар гинекологиялык жана амбулатордук диагностикалык бөлүм ачууну пландап жатышат.
Сүрөт www