Семетей Талас уулу: УКМКга барганымды саясий заказ менен байланыштырбайм
Журналист УКМКнын имаратынан чыгарылып, тогуз диний китеп конфискацияланган
Журналист Семетей Талас уулу УКМКнын имаратынан бошотулду. Бул маалыматты Vesti.kg сайтына анын жубайы Айым Усупбаева тастыктады.
Журналисттин айтымында, ал кылмыш иштеринин бирине күбө, анын саясий билдирүүсүнө тиешеси жок.
- Мени бир иш боюнча күбө катары суракка чакырышкан, - дейт Талас уулу. - Азыр тергөө жүрүп жатат. Бул саясий заказга жана менин саясат тууралуу айткан сөздөрүмө байланыштуу деп ойлобойм. Калган чоо-жайы азырынча жок.
УКМКнын маалыматы боюнча, Талас уулунун үйүнөн диний мазмундагы тогуз китеп алынды — алар экспертизага жөнөтүлөт.
Эске салсак, бүгүн журналист Семетей Талас уулу кармалганы белгилүү болгон. Достору муну анын бийликти сындаганынан улам болгонун айтышкан.
Элдос Казыбеков
Фото vesti.kg