Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жакынкы элчиликтер Казакстанда. Кыргызстандык жүк ташуучулар Европага иштөө визасын ала алышпайт

Жумушчулар коңшу өлкө менен чек араны ачып, билет баасын арзандатууну суранышат

Кыргызстандык жүк ташуучу унаалардын айдоочулары Казакстан менен чек аранын жабылышынан улам Евробиримдик өлкөлөрүнө эмгек визасын алууда көйгөйлөр жаралып жатканын айтышууда. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына курган маегинде жүк ташуучулардын бири Ильяс Каримов билдирди.

Жумушчулар бийликтен коңшу мамлекет менен чек араны ачууну же авиабилеттерди арзандатууну суранышууда.

«Европа Биримдиги Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген мигранттарга эшигин ачты», - деди Ильяс Каримов. — Бирок эмгек визасын алууда бир топ кыйынчылыктар бар. Чындыгында Кыргызстанда Литва, Латвия, Польша жана Словакиянын элчиликтери жок. Бизди жумушка чакыргандар да ошолор. Жакынкы элчиликтер Казакстанда. Бирок COVID-19дан улам коңшу республика менен чек араларыбыз жабык. Айрымдары тууганчылык жана коррупция аркылуу чек арадан өтүүгө жетишкен. Ал эми учуунун баасы 20 миң сомдон 30 миң сомго чейин. Казакстан менен чек араны ачууну же авиакаттамды арзандатууну суранабыз.

Канышай Балкыбекова

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх