Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Прокуратура сот кызматкерлерин кыргызстандыкты мыйзамсыз камакка алган деп айыптоодо

Бул факты боюнча Ош облусунун прокуратурасы кылмыш ишин козгоду

Ош облусунун прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз камоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу аталган көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди.

Ошентип, Кыргызстандын Конституциясынын 59-беренесинин талаптарын одоно бузган Ош облустук сотунун кызмат адамдарынын мыйзамсыз жана негизсиз аракеттеринен улам жаран И.Б. төрт суткага мыйзамсыз камакка алынган.

Бул факты боюнча Ош облусунун прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 191-беренеси «Мыйзамсыз кармоо же камоо» боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх