Ысык-Көлдө Кумтөргө жумушка орноштуруу үчүн жарандардан акча алып, из жашырып кеткен
Алдамчы бир айга камакка алынды
Каракол шаардык ИИБге төрт адам Кумтөргө ишке орноштуруу үчүн алардан акча алган жаранга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Алдамчылыктан келтирилген зыяндын жалпы суммасы 365 000 сомду түзгөн.
Арыздар Каракол шаардык ИИБнын КЖБРде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси менен катталган.
Ал ортодо Каракол ШИИБдин ыкчам кызматкерлери алдамчылыкка шектүүнү кармашты — ал Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын 35 жаштагы тургуну Ш.Н. болуп чыкты, ал күнөөсүн мойнуна алды.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери шектүүнүн дагы тогуз алдамчылык фактысына тиешеси бар экенин аныкташкан. Бардык аныкталган фактылар боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Шаардык сот шектүүгө карата баш коргоо чарасын - бир айга камакка алууну тандады. Тергөө иштери уланууда.
Ысык-Көл облусунун ИИБнын маалымат кызматы
Сүрөт www