Казакстан менен чек арага 180дей жүк ташуучу унаа топтолуп калган
Чек ара кызматынан билдиришкендей, унаалардын топтолушу жүк ташуунун көбөйүшүнө байланыштуу
Саат 09:30га карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги «Ак-Тилек-авто жол» өткөрүү пунктунда 180ге жакын жүк ташуучу унаа топтолуп, анын 60ы жүктүн ташуу документтерин күтүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Жогорудагы өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалардын топтолушу жүк ташуулардын көбөйүшүнө байланыштуу экени такталган.
Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги башка өткөрүү пункттарында адамдардын жана транспорт каражаттарынын топтолушу катталган жок.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин ПКсы бош жүк ташуучу унаалар Кыргызстандан Казакстанга “Кең-Булуң – автожол” көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу чыга алаарын эскертет.
Маалым болгондой, мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде абал туруктуу.
УКМКнын басма сөз кызматы
Сүрөт www