Уруксат берилбеген имараттарда жашаган бишкектиктер жашоого уруксат ала алышат
Борбор калаанын мэриясы мыйзамсыз курулган үйлөрдүн каттоого турууга мүмкүнчүлүк бере баштады
Тиешелүү укук белгилөөчү документтери, ошондой эле жер тилкесине укук берүүчү документтери жок бишкектиктер ошол жерге каттоого турууга жана социалдык төлөмдөрдү алууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Шаар мэриясы белгилегендей, министрлер кабинетинин «Уруксат берилбеген курулуштарда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жери боюнча каттоо жана каттоодон чыгаруу эрежелери жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу» токтому мэрия менен биргеликте даярдалган.
«Учурда «Кадастр» мамлекеттик мекемеси уруксатсыз курулган курулуштарга техникалык паспортторду даярдоо жана берүү боюнча иш алып барууда. Ошентип, бул иштин алкагында 6 миң 496 арыз түшүп, 5 миң 707 имарат экспертизадан өткөрүлдү, 2 миң 508ден ашык техникалык паспорт берүүгө даярдалды», - деп кошумчалады муниципалитет.
Сүрөт www