Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алымкадыр Бейшеналиев: Кыргызстанда боор, бөйрөк алмаштыруу боюнча операция жасалат

Депутат биздин жарандар операция үчүн чет өлкөгө чыгууга аргасыз болуп жатканына нааразы болду

Парламенттин жыйынында депутат Марлен Маматалиев саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге суроо узатты.

«Кыргызстан жыл сайын Индия жана Пакистандан келген он миңдеген студенттерди медициналык окуу жайларда окутат, бирок ошол эле учурда биздин жарандар бул өлкөлөргө операция жасоо үчүн барышат», - деди Маматалиев. — Мындай операцияларды жасоо учун бизде медициналык пункттар жок экендигин тушундум. Татаал операциялар үчүн жылына жок дегенде бир жабдууларды сатып алууга болобу?

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев белгилегендей, мамлекет тарабынан медициналык жабдууларды алууга каражат бөлүнүүдө.

«Биз 17 медициналык окуу жайды жаптык», - деп түшүндүрдү министр. - 1-апрелге чейин калган 5 медициналык ЖОЖду текшеребиз. Боорду жана бөйрөктү алмаштыруу үчүн жабдыктарды алууга мамлекет тарабынан каражат бөлүнөт. Ошондой эле, 3 адис Орусияга лазердик жабдууларда иштөөгө окууга жиберилген.

Ислам Жолдошов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх