"Кечир мени, кош!" Ошто 13 жаштагы бала 5-кабаттан секирип кетти
Бул окуянын бардык жагдайлары аныкталды
Өткөн түнү Ош шаардык тез жардам кызматы 5-кабаттан кулап кеткен 13 жаштагы бала каза болгонун кабарлаган. Бул тууралуу түштүк борбордун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
7-класстын окуучусу көп кабаттуу үйдөн өзү секирип кеткени аныкталды. Өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүндө теңтуштары жанында болушкан.
«Ал телефон сурап, кызга видео чат аркылуу чалган. Маекти «Кечир мени, кош бол!» деген сөз менен бүттү. Телефонду кайра алып, апасынан кечирим суроону суранып, андан кийин секирип кеткен», - дешти алар милиция кызматкерлерине.
Мектеп окуучулары да бала март айында өлөм деп баарына айтканын айтышкан.
Бул окуянын бардык жагдайлары аныкталганы айтылат.
Сүрөт www