Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте Украинаны колдоо митинги өттү (фото)

Активисттер менен кайдыгер карабагандар Орусия элчилигинин имаратынын жанына чогулушту

Бишкекте Орусия элчилигинин имаратынын жанында Украинаны колдоо митинги башталды.

Акциянын катышуучулары «Согушка жол жок», «Биз Украина — менен», «Тынчтык керек» деген плакаттар менен келишти.

Жарандык активист Улан Үсөйүн митингчилерди провокацияга алдырбоого, жолду жана тротуарды жаппоого чакырды.

- Биз тынчтыкты каалайбыз. Бул агрессия биздин мигранттардын жашоосуна, анын ичинде экономикабызга да таасирин тийгизиши мүмкүн», - деди ал.

 


Эске салсак, бүгүн Орусиянын президенти Владимир Путин Донбасста атайын аскердик операция өткөрүү чечимин кабыл алганы белгилүү болгон.

Жарандык активист Акылай Карим Твиттердеги баракчасына эртең Ош шаарында да Украинаны колдоо митинги болорун билдирди.

Бүгүн ушундай эле нааразылык акциясы Алматыда орус консулдугунун имаратынын жанында өттү.



Orda.kz маалымдагандай, чогулган алты активист: “Согушка жол жок”, “Украинага даңк”, “Украина көз карандысыз”, “Украинага даңк, баатырларга даңк”, “Украинадан кол тарт” деген ураандарды кыйкырып турушту.

Митингдин катышуучулары Бостандык райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилди.


Манас Көлбаев

Фото vesti.kg

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх