УКККББнын ИИМ кызматкерлери опузалап 6 миң доллар алып жаткан жеринен кармалды
Алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди
УКМК кылмыш ишинин оң чечими үчүн 6 миң доллар өлчөмүндө пара талап кылып жаткан жеринен ГУБОПтун (Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгы) кызматкерлерин кармады.
КР Кылмыш-жаза кодексинин 1-бөлүгү "Опузалап пара талап кылуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Маалым болгондой, иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул факты тастыкталды. 22-февралда УКМК тарабынан ИИМдин УКККББнын кызматкерлери Ш.У. жана А.У.кармалды.
Алар УКМКнын УКК СИЗОсуна киргизилди.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз