Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азиз Аалиев Каржы министрлигине Мамлекеттик ипотекалык компанияга акча бөлүү темпин тездетүүнү тапшырды

Вице-премьер-министр министрликтерге жана ведомстволорго тиешелүү тапшырмаларды берди

Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасын аткаруу иретинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Азиз Аалиевдин катышуусунда «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК ишмердүүлүгүнүн маселеси боюнча жумушчу кеңешме өттү.

Жыйында акционердик коомдун турак жай куруу аркылуу турак жай фондун жогорулатуу планы тааныштырылып, «Менин үйүм-2021-2026» Программасын ишке ашыруу алкагындагы компаниянын ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Азиз Аалиев Мамлекеттик ипотекалык компаниянын программасын ишке ашырууга каражаттарды бөлүү темпин тездетүү жана ипотекалык кредитке болгон калктын бардык муктаждыгын канагаттандыруу зарылдыгы тууралуу билдирди, буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине тийиштүү тапшырма берди. Тапшырмага ылайык, үстүбүздөгү жылдын март айынын аягына чейин 1 миллиард сомго чейин каржылоо маселесин иштеп чыгуу жана андан соң 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча ипотекалык программаны ишке ашыруу максатында «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКнын уставдык капиталын 8,5 миллиард сомго көбөйтүү зарыл.

Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине жана «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКга турак-жай курулушун стимулдаштыруу максатында ипотекалык кредиттөө программасына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырмасын берди.

Министрлер кабинетинин мааалымат кызматы

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх