Саламаттыкты сактоо министрлиги Ноокат жана Сузак райондорунда телемедицина долбоорун ишке киргизди
Бул аймактардын жашоочулары церебралдык шал оорусу, сарык жана ВИЧ-инфекциясы боюнча медициналык консультацияларды ала алышат
Саламаттыкты сактоо министрлиги TeleMed KG долбоорун Ноокат жана Сузак райондорунда ишке киргизди.
Алгачкы медициналык-санитардык жардам уюмдарында инновациялык телемедициналык кызматтарды киргизүү ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат жана алыскы региондордон келген адистер менен республиканын алдынкы медициналык борборлорунун дарыгерлеринин ооруларды дарылоо боюнча профессионалдык байланышын камсыз кылат.
Ноокат жана Сузак райондорунун тургундары Ош жана Бишкек шаарларынан келген адис дарыгерден үч багытта: Церебралдык шал оорусу, сарык жана ВИЧ-инфекциясы боюнча консультация ала алышат. Бул үчүн тиешелүү райондордун үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна баруу зарыл.
Саламаттыкты сактоо министрлиги телемедицинанын артыкчылыктарын белгиледи: Ош жана Бишкек шаарларындагы ооруканаларга баруу убактысын үнөмдөө, толуп кеткен ооруканаларга баруунун кереги жок, онлайн рецепт, борбордон керектүү дары-дармектерди алуу, акысыз медициналык консультация, тез жана так диагноз коюу.
Сүрөт www