Башкы прокуратура: Исфана шаарынын мэриясы 55 жаранга жер тилкелерин мыйзамсыз өткөрүп берген
Исфана шаарынын муниципалдык менчигине 44 миллион сомдук жер тилкеси кайтарылды
Исфана шаарынын мэриясы тарабынан 55 жаранга мыйзамсыз берилген жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
«Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө Лейлек районунун Исфана шаарынын мэриясынын кызмат адамдары тарабынан 55 жаранга 0,06 га жер тилкеси мыйзамсыз берилип, жалпы аянты 3,3 га жер аянты аныкталды», - деп айтылат көзөмөл органынан.
Бул факты боюнча Исфана шаарынын мурдагы мэри А.А.га Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (2017-жылдын редакциясы) (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен айып тагылып, кылмыш иши Лейлек райондук сотуна жөнөтүлгөн.
Облустук прокуратуранын доо арызы менен 44 миллион сомдук жер тилкеси Исфана мэриясынын муниципалдык менчигине кайтарылган.
Башкы прокуратура
Сүрөт www