ТИМ Украинадан кетүүнү каалаган кыргызстандыктарды эвакуациялоо маселесин карап жатат
Колдо болгон маалымат боюнча, ал жерде Кыргызстандын 1357 жараны жүрөт
Тышкы иштер министрлиги Украинадан чыгып кетүүнү каалаган кыргызстандыктарды эвакуациялоо маселесин карап жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленгендей, колдо болгон маалыматка ылайык, Украинанын аймагында Кыргызстандын 1357 жараны жүрөт, анын ичинен 680и консулдук каттоодо турат.
Бүгүнкү күндө КР Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин ишеним телефонуна Кыргызстандын Украинадагы элчилигине өлкөдөн чыгып кетүүнү каалаган кыргызстандыктардан 300дөн ашык кайрылуулар түшкөн.
Маалым болгондой, учурда элчилик дайыма байланышта болуп, тиешелүү түшүндүрмөлөр берилип жаткан КР жарандарынын коопсуздугун камсыздоо башкы милдет болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинде, Кыргыз Республикасынын Украинадагы элчилигинде ишеним телефону иштейт, ал аркылуу кыргызстандыктар консулдук-укуктук мүнөздөгү бардык суроолор боюнча кайрыла алышат:
Кыргызстандын Украинадагы элчилиги:
+380997573413,
+380442370346,
+380442370348, ошондой эле элчиликтин "WhatsApp" тобу;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти
+996 551 312 000 — ишеним телефонунун номери;
+996 703 428 865,
+996 709 983 465,
+996 554 065 215.
КРнынн ТИМ басма сөз кызматы
сүрөт www