Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улан Ниязбеков казак милициясынын иши менен таанышты

КРнын ИИМ башчысы өлкөлөр ортосундагы тажрыйба алмашуу жана кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбеков Нур-Султан РИИБнин Есил райондук бөлүмүнө барды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө Нур-Султан шаарынын ички иштер башкармалыгынын башчысы Марат Тулебаев конокторду бөлүмдүн иши, коомдук коопсуздукту камсыздоо жана укук тартибин камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар менен тааныштырып, иш бөлмөлөрүн көрсөттү.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин башчысы Улан Ниязбеков жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн ички иштер органдарынын ортосундагы тажрыйба алмашуу жана кызматташууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Андан соң «Байтерек» монументинин аймагында жайгашкан туристтик милиция постуна барды.

Ушул эле күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин делегациясы Алматы районунун No3 райондук милиция бөлүмүндө болуп, милициянын кызматтык үлгүсү менен таанышты.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Нур-Султан шаарында жайгашкан Калкты тейлөө борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Борбордун негизги максаты – “бирдиктүү терезе” системасы аркылуу өлкөнүн бардык жарандарына ар түрдүү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх