Украинадагы согуш. Токаев тобокелдиктерди баалоо үчүн ЕАЭБдин жумушчу тобун түзүүнү сунуштады
КРнын башчысы кесепеттерди жоюу боюнча экономикалык чараларды талкуулоо зарыл экенин белгиледи
Украинадагы жаңжалга байланыштуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев ЕАЭБ мүчөлөрүнө тобокелдиктерди баалоо үчүн жумушчу топ түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу Казакстандын маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Мындай демилгени Токаев бүгүн Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары менен жолугушууда билдирди.
«Экономикалык, каржылык жана өндүрүштүк системалардын тыгыз байланышын эске алуу менен, тобокелдиктерди баалоо жана терс кесепеттерди жоюуга багытталган экономикалык чараларды иштеп чыгуу үчүн биримдиктин алкагында жумушчу топ түзүлүшү керек деп эсептейм», - деди ал.
Казакстандын башчысынын айтымында, бул жумушчу топту уюштуруу каржылык жөнгө салуучу органдардын катышуусунда экономикалык ведомстволордун деңгээлинде.
Координациялоо ишин Евразия экономикалык комиссиясы колго алышы керек.
Сүрөт www