Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бажы кызматкерлери минералдык жер семирткичтерди аткезчилик жол менен алып өтүүнү аныкташкан

Товардын баасы 300 миң сомдон ашкан

Баткенде бажы кызматкерлери аткезчилик жол менен 7,5 тонна минералдык жер семирткичтерди табышкан. Бул тууралуу УКМКнын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, бажы кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын жараны Ж.У.А кармалган.

Автоунааны текшерүү учурунда жүк салуучу бөлүгүнөн жалпы салмагы 7,5 тонна болгон «Селитра» минералдык жер семирткичтери табылган.

«Жүк коңшу мамлекеттен бажы мыйзамдарын бузуу менен ташылып келинген», - деп белгилешти ведомстводон. — КР Соода-өнөр жай палатасынын корутундусуна ылайык, кармалган товардын баасы 337 миң 500 сомду түзөт. Бул факты боюнча материалдар Баткен бажысында каралууда.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх