Бишкектин жаңы мэри Эмилбек Абдыкадыров биринчи жумушчу жыйынын өткөрдү
Мэр Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоодо Бишкек АШКсына ар тараптуу жардам көрсөтүүнү тапшырды
Бүгүн, 25-февралда борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров күч түзүмдөрүнүн жана шаардык прокуратуранын жетекчилиги менен алгачкы жумушчу кеңешме өткөрдү.
Муниципалдык кызматкерлер Биринчи Май жана Свердлов шайлоо округдары боюнча келе жаткан Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону өткөрүүгө көмөк көрсөтүү жана «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын аткарылышын талкуулашты.
Мэр Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясына жана Биринчи май, Свердлов райондорунун участкалык шайлоо комиссияларына ар тараптан көмөк көрсөтүүнү, ошондой эле жарандардын коопсуздугун камсыздоону тапшырды.
Борбор калаанын укук коргоо органдарына шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталган учурда ыкчам чара көрүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде тиешелүү чараларды көрүү тапшырмасы берилди.
Эске салсак, Бишкек шаарында 120 шайлоо участогу түзүлгөн:
- Биринчи Май району - 60 шайлоо участкасы (Ленин районунун +11 УШКсы);
- Свердлов району - 60 шайлоо участкасы (Октябрь районунун +2 УШКсы).
Эки район боюнча шайлоочулардын саны (текшерүү баракчасы) 219 654, анын ичинен:
- Биринчи Май району боюнча - 113 105 адам;
- Свердлов районунда - 106 549 адам.
Бишкек шаарынын мэриясы
Бишкек мэриясынын сүрөтү