Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ТИМ: Биз Украинадагы кырдаалдын өнүгүшүнө тынчсыздануу менен көз салып жатабыз

"Биз бардык тараптарга жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу өтүнүчү менен кайрылабыз"

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Украинага чабуулу боюнча комментарий берди.

Ведомство эки өлкөнүн ортосундагы тынчтыкка тезирээк жетээрине үмүттөнөрүн белгиледи.

«Украинадагы кырдаалдын өнүгүшүнө тынчсыздануу  менен көз салып жатабыз. Россия жана Украина элдери менен тарыхый достук мамилелерибизге таянып, биз тараптардын тынчтыкка тез арада жетишүүсүнө үмүттөнөбүз, анын ичинде мындан аркы курмандыктарга жол бербөө жана чыр-чатакты сүйлөшүү үстөлүндө чечүүнүн жаңы форматтарын жана механизмдерин түзүү жолу менен », - деп баса белгилешти алар.

Мындан тышкары, Тышкы иштер министрлиги жарандар үчүн тийиштүү коопсуздукту камсыздоого чакырат.

«Ушуга байланыштуу биз туруктуу тынчтыкка жана стабилдүүлүккө жетишүү үчүн тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөрдү баштоого багытталган бардык сунуштарды жана демилгелерди кубаттайбыз. Биз бардык тараптарга жарандардын, анын ичинде чет элдиктердин коопсуздугун камсыз кылууну жана алардын чыр-чатак болгон аймактан чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу өтүнүчү менен кайрылабыз», - деп жыйынтыктады министрлик.

ТИМ басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх