Орусия Евровидение 2022ге катышууга тыюу салынды
Уюм өз чечимин Украинадагы кризиске тынчсыздануу менен түшүндүрдү
Европа телерадиоберүү биримдиги (EBU) Орусия 2022-жылы өтө турган Евровидение ыр сынагына катыша албай турганын жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.
"EBU Аткаруу кеңеши Евровидение ыр сынагынын башкаруу органынын сунушу боюнча иш-чаранын эрежелерине жана EBU баалуулуктарына негизделген чечим кабыл алды", - деп айтылат билдирүүдө.
Уюм өз чечимин Украинадагы кризиске тынчсыздануу менен түшүндүрдү, анткени Орусиянын катышуусу сынактын аброюна шек келтириши мүмкүн.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз