Кийинки аптада Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт
“Бишкексууканал” ишканасы эки суу алгычты оңдойт
3-мартта борбор калаанын "Ак-Жар", "Ак-Бата" жана "Келечек" конуштарында таза суу өчүрүлө турганын "Бишкексууканал" ишканасынын өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы билдирди.
Саат 09.00дөн 17.00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк мекемелерге суу берүү чектелет.
Бул “Ак-Жар”, “Ак-Бата” суу алгычтарындагы жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо-профилактикалык иштерге байланыштуу аргасыз чара.
«Борбордун мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты жана мекемелерди ичүүчү сууну камдап алууну суранат», — деп айтылат маалыматта.
Сүрөт www