Украинада жашаган кыргызстандыктар Румыния аркылуу эвакуацияланышы мүмкүн
Жарандар транзиттик виза алып, ПЦР тестин же эмдөө сертификатын алып жүрүшү керек
Тышкы иштер министрлиги менен Кыргызстандын Украинадагы элчилиги кыргызстандыктарды Румыния аркылуу эвакуациялоонун кошумча жолун иштеп чыгышты.
Бухаресттен учуп чыгуу учун румын тарап төмөндөгу талаптарды билдирди:
1. Кыргыз Республикасынын жарандары транзиттик визаны Румыниянын Черновцы шаарындагы Башкы консулдугунда (Школьная көч., 16, тел. +380372545434) алышы керек же eviza.mae.ro шилтемеси аркылуу электрондук визага кайрылышы керек.
2. Жаныңызда ПЦР тестин же эмдөө сертификатын алып жүрүңүз.
Эвакуация маселелери боюнча кыргызстандыктар КР Украинадагы элчилигинин консулу Эрмек Каныбековго +380997573413, +380442370347 телефондору аркылуу кайрылса болот.
«Ошол эле учурда биз сиздердин көңүлүңүздүн карама-каршы тараптардын ортосундагы согуштук аракеттер Украинанын бүткүл аймагында жүрүп жатканына, бул жолдо жеке коопсуздукка коркунуч келтириши мүмкүн экендигине бурабыз. Ушуга байланыштуу, эгер сиздин коопсуз жайыңыз болсо, элчилик кырдаал жөнгө салынганга чейин бул жерлерде болууну сунуштайт», — деп айтылат кайрылууда.
ТИМ басма сөз кызматы
Сүрөт www