Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Темирлан Султанбеков: Мен президенттин жарлыгынан мал союуга тыюу салууну тапкан жокмун

Жаш саясатчы мамлекет башчынын социалдык тармактардагы тексттери жана жарлыгы эки башка экенин белгиледи

Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков президенттин жарлыгынан мал союуга тыюу салууну тапкан эмес. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазды.

«Кечээ Кыргызстандын элин мамлекет каада-салттарды жөнгө салуу аракетин баштаганына кубанды.

Ошентип, мен президенттин постун бир нече жолу кайталап окуп чыктым. Жарлык менен мал союуга тыюу салганын жазат. Жарлыктын постун жана текстин он жолу кайталап окуп чыктым. Жарлыктын текстинен мал союуга тыюу салуу боюнча эч нерсе таппадым.

Мамлекет башчынын Фейсбуктагы билдирүүсүнө жазылган текст менен жарлыктын текстиндеги сөздөр эки башка мааниге ээ: социалдык тармактарда мал союуга тыюу салуу тууралуу айтса, жарлыктын текстинде депутаттарга жана өкмөттүн мучөлөрүнө сунуштамалар гана айтылып жатат. Президенттин жардамчылары менен кеңешчилери каякты карап жатышат?». деп жазган жаш саясатчы.

 

Эске салсак, 24-февралда өлкө башчынын администрациясы Садыр Жапаров үй-бүлөлүк мааракелер жана сөөк коюу жөрөлгөсү үчүн бодо мал союуга тыюу салган жарлыкка кол койгонун билдирген.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх