Садыр Жапаров Владимир Путин менен Украинадагы кырдаалды талкуулады
Мамлекет башчылары кыргыз-орус кызматташтыгынын учурдагы күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкуулашты
Бүгүн, 26-февралда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөштү.
Өлкө лидерлери кыргыз-орус кызматташтыгынын учурда күн тартибинде турган актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Садыр Жапаров менен Владимир Путин ошондой эле эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелери, анын ичинде Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча пикир алышты.
Президенттик аппараттын маалымат кызматы
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз