Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте кайра шайлоо. Добуштарды кол менен эсептөө аяктады

Эльвира Сурабалдиева менен Абдурахманхаджи Муртазалиев депутаттык мандат үчүн талапкер

Бишкекте шайлоо участкаларында кол менен саноо аяктады. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Ошентип Биринчи Май шайлоо округу боюнча мурдагы вице-премьер-министр, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эльвира Сурабалдиева алдыда келе жатат, ага 9225 адам добуш берген. Экинчи орунда Нурбек Тотонов турат – ага 3544 адам добуш берген.

Ал эми Свердлов районунда 5806 добуш менен Улуттук жиу-житсу федерациясынын лидери Абдурахманхаджи Муртазалиев алдыда келе жатат. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Шайлообек Атазов 5 миң 383 добуш алып, экинчи орунду ээледи.

Канышай Балкыбекова
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх