Кыргызстанда доллардын курсу 97 сомго чыкты
Казакстандын банктары чет элдик валютаны алмаштырууну толугу менен токтотту
Бүгүн Кыргызстанда доллардын сатуу курсу 97 сомго көтөрүлдү. Ал эми банктар чет элдик валютаны 1 долларды 94 сомдон сатып алышат.
Евронун курсу бүгүнкү күндө 107,8 сомду түздү.
Ал арада Улуттук банктан доллардын номиналдык курсу 89,1 сомду түзүүдө.
Орус рублинин курсу ошол эле бойдон калууда. Сатып алуу 0,65-0,8 сомдон, орус валютасы 1,06-1,1 сомдон сатылууда. Рублдин расмий курсу 1,06 сом.
Өз кезегинде казакстандык маалымат каражаттары бүгүнкү күндө коңшу өлкөнүн бардык банктары валюта алмаштырууну толугу менен токтотконун жазып чыгышты.
Ошондой эле, Казакстан Республикасынын Алмашуу бюролор ассоциациясынын президенти Арчын Галимбаев акча рыногунда валюта курсунун калыптанышын түшүнбөгөндүктөн акча алмаштыруу жайлары ишин токтотконун билдирди.
Эске сала кетсек, буга чейин Vesti.kg сайты россиялык банктардын SWIFT системасынан мүмкүн өчүрүлүшү Кыргызстандын каржы системасынын ишине таасир этпейт деген Улуттук банктын билдирүүсүн жазган.
Сүрөт www