Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Абдурахманхаджи Муртазалиев: Бул шайлоодо ыплас ыкмалар колдонулду. Алар менин ар-намысыма шек келтирүүгө бир эмес, бир нече жолу аракет кылышты

Талапкер мындан ары Улуттук джиу-джитсу федерациясын жетектөөнү көздөөдө

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер, Улуттук джиу-джитсу федерациясынын президенти Абдурахманхаджи Муртазалиев шайлоо учурунда атаандаштарынын “кара пиарына” кабылганын Vesti.kg сайтына берген маегинде билдирди.

Бирок бул факты боюнча эч жерге арыз жаза баштабаганын белгиледи.

Бул шайлоолордо ыплас ыкмалар колдонулду, — дейт депутаттыкка кандидат. - Менин дарегиме кара пиар жасап, бир эмес эки жолу ар-намысымды каралоого аракет кылышты. Бул кайсы депутаттыкка кандидаттын иши экенин билем, бирок бул жөнүндө айтпай эле коёюн. Мен башында ыпылас ыкмаларга, арыз жазбайм деген позицияны карманчумун. Бирок, мен эч нерсеге карабай мени колдогон шайлоочуларыма ыраазымын. Мен жарандардын алдында чоң жоопкерчиликти сезип жатам. Свердлов районун жакшыртууга бардык кучумду жумшайм.

Муртазалиев мындан ары да Улуттук джиу-джитсу федерациясынын президенти кызматын аркалоо ниети менен бөлүштү.

«Джиу-джитсу федерациясын жетектей берем», - деди ал. — Агам экөөбүз бул спортту чет өлкөдөн алып келип, нөлдөн баштап өнүктүрдүк. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 5 миңден ашык бала машыгат. Бул спорттун өнүгүшүнө жан-дүйнөмдү арнадым жана мындан ары да аны менен алектенүүнү пландап жатам. Жаштар арасында сергек жашоо образын жайылтуу боюнча да иш алып барам.

Эске салсак, добуштарды кол менен эсептөөнүн жыйынтыгында Свердлов району боюнча 5 миң 806 добуш алган Абдурахманхаджи Муртазалиев алдыда келе жатат. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Шайлообек Атазов 5 миң 383 добуш алып, экинчи орунду ээледи.

Канышай Балкыбекова
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх