Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Турсунбек Акун: Мен дагы Акыйкатчы кызматына талапкермин

Экс-Акыйкатчы талапкерлигин көрсөткөн фракциянын атын атоодон баш тартты

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун республиканын башкы укук коргоочусу кызматына кайтып келүүгө аракет кылат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ал өзү билдирди.

Акундун айтымында, анын талапкерлигин кароого арыз былтыр берилген. Бирок алтынчы чакырылыштын депутаттары акыйкатчыны дайындоо маселесин кароого үлгүрбөй калгандыктан, бул маселе менен азыркы чакырылыш алектенет. Бирок ал талапкерлигин көрсөткөн фракциянын атын атаган жок.

— Жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо менин жашоомдун кредосу, — дейт Акун. -Сегиз жылдан ашык убакыттан бери эч кандай кызматта иштеген жокмун, бирок ошого карабастан укук коргоо тармагында иштейм. Чынында, мен акыйкатчы менен бирдей функцияларды аткарып жатам. Мени кайсы фракция көрсөткөнүн азырынча айта албайм.

Учурда фракцияга үч талапкер: Атыр Абдрахматова, Мамата Момунов, Урмат Аралбаевден документтер келип түшкөн.

Эске салсак, Турсунбек Акун буга чейин эки жолу Акыйкатчы болуп иштеген.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх