Абсаттар Сыргабаев түрк инвесторлору менен Жалал-Абад облусунун инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады
Облус жетекчиси чет элдик инвесторлорго кызматташуу боюнча конкреттүү сунуштарды айтты
Президенттин Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Түркиянын AHM GROUP курулуш компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу облустун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Жыйын Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунун акимдеринин катышуусунда өттү.
Тараптар кызматташуу жана Жалал-Абад облусунда ири курулуштарды ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн карашты. Мындан тышкары, аймактагы туристтик жайлардын шарттарын жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Абсаттар Сыргабаев облустун бардык райондорун өнүктүрүү жана реалдуу долбоорлорду ишке киргизүү үчүн инвесторлорду колдоого даяр экенин белгиледи. Мындан тышкары, кызматташуу боюнча бир катар сунуштарды киргизип, инвесторлор объекттер менен жеринде таанышса болорун кошумчалады.
Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы
Сүрөт Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы