Руслан Казакбаев Кытайдын элчиси менен жолугушту
Тараптар Украинадагы жаңжалдын тез арада тынчтык жолу менен чечилишине үмүт кылышат
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев бир күн мурун Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту.
Жолугушуу кытай тараптын демилгеси менен өттү.
Руслан Казакбаев менен Ду Дэвэн Украинадагы азыркы кырдаалды жөнгө салуу боюнча тараптардын позицияларын алмашты, ошондой эле жаңжалды тынчтык жолу менен тез арада жөнгө салууга үмүт артышты.
Президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон иш сапарынын жыйынтыгы талкууланды. Тараптар мамлекет башчысы менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин эки тараптуу жолугушуусу ийгиликтүү өткөнүн баса белгилешти. Визиттин жана сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.
ТИМ басма сөз кызматы
Сүрөт www