Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Турсунбай Бакир уулу Рамзан Кадыровго: Сен да, сенин жигиттериң да Украинанын жерине курал менен кирбегиле

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Чеченстандын президентине атасы менен жеке тааныш экенин эскертти

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Турсунбай Бакир уулу Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровго кайрылып, Украинага чечен аскерлерин жибербөөнү суранды.

Анын айтымында, эч кандай согуш адам өлүмүн актай албайт.

«Рамзан, сен мен үчүн мусулман бир туугандайсың. Мен сенин атаңды таанычумун – Ахмат ажы. Биз 1999-жылы февраль айында Ливия Жамахариясынын борбору Триполиде жолугушканбыз. Сен экөөбүздүн жалпы таанышыбыз – маркум Мохаммад Садык Мухаммед Юсуф болгон. Атаңды тааныган адам катары айткым келет: сен да, сенин жигиттериң да Украинанын жерине курал менен кирбегиле. Тескерисинче, салих мусулман болуп, эки славян элинин ортосундагы согушту токтотууга өз салымыңды кош. Эч кандай согуш адам курмандыгын актай албайт. Бир бейкүнөө адамды өлтүрүү бүткүл адамзатты өлтүрүүгө барабар экенин мусулман катары билесиз! Украинаны да мусулмандар — анын жарандары коргоп жатканын унутпагыла», — деп жазган Бакир уулу Instagram баракчасына.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх