Украина Кыргызстандагы жана Грузиядагы элчилерин чакыртып алды
"Украинага каршы агрессияны актаган үчүн дипломаттарыбызды чакырып жатабыз"
Украинанын президенти Владимир Зеленский Украинанын Кыргызстандагы жана Грузиядагы элчилерин чакыртып алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, эки өлкө тең Орусияга каршы санкцияларды колдобогондуктан дипломаттар чакыртылды.
«Биздин дипломаттар азыр сөзүнө жана эл аралык укукка чыккынчылык кылган өлкөлөргө карата адилеттүү жана өтө зарыл чечимдерди ишке ашырууда. Биз Украинага каршы агрессияны актоо үчүн Кыргызстандан элчини консультациялар үчүн дароо чакырып жатабыз», - деди Зеленский кайрылуусунда.
Бул арада Vesti.kg сайты КР Тышкы иштер министрлиги менен байланыша алган жок. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы комментарий алуу үчүн жеткиликсиз болду.
Сүрөт www