Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Талант Мамытов Кытайдын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды

Жолугушууда саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо маселелери талкууланды

ЖК спикери Талант Мамытов Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэньди кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда эки өлкөнүн саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарын чыңдоо жана парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

 

Төрага Ду Дэвэнди эки мамлекеттин ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгы менен куттуктады.

Талант Мамытов учурда эки тараптуу өнөктөштүк бардык тармактарда өнүгүп жатканын баса белгилеп, мамлекет башчыларынын жыл башында өткөн жолугушуусуна да токтолду. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасынын башчысы менен жолугушуусунда келечектеги кызматташуунун жаңы багыттары аныкталып, жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелери талкууланганын белгиледи.

 

Парламент төрагасы ошондой эле Кытай өкмөтүнө 50 миллион юань өлчөмүндө аскердик жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Ду Дэвэн Кытай Кыргызстандын эң жакын коңшусу, досу жана ишенимдүү өнөктөшү экенин белгилеп, парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

 

Мындан тышкары, ал марттын аягында парламенттин спикери менен Эл өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Ли Чжаньшунун эки тараптуу жолугушуусун өткөрүүнү сунуштады. Ошону менен бирге Кытай тарап Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өнүгүүсүнө каржылык колдоо көрсөтөөрүн билдирди.

Талант Мамытов жолугушуу сунушун колдоп, эки өлкөнүн парламенттеринин өнөктөштүгүн өнүктүрүү аспектилерине токтолду. Бул багытта Кытай элчилиги менен тыгыз кызматташууга кызыкдар экенин кошумчалады.

ЖК басма сөз кызматы
Сүрөт турак жай комплексинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх