Энергетика тармагындагы коррупция. «Ошэлектро» ишканасынын мурдагы жетекчиси кармалды
Ишкананын кызмат адамдары электр энергияга болгон дебитордук карызын мыйзамсыз эсептен чыгарып, натыйжада 134 миллион 404 миң сом зыян келтиришкен
Президент Садыр Жапаровдун буйругун аткаруу максатында Башкы прокуратура «Ошэлектр» ААКсынын кызмат адамдарынын коррупциялык аракеттерин ачыктады.
Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө ишкананын кызмат адамдары тарабынан 2016-2021-жылдар аралыгында электр энергияга болгон дебитордук карызды мыйзамсыз эсептен чыгарып, натыйжада 134 миллион 404 миң 877,09 сомдук зыян келтирилгени аныкталган.
Бул факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси («Коррупция») боюнча кылмыш иши козголгон. Кармалган “Ошэлектр” ААКнын мурдагы жетекчиси Д.Д.И. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Сүрөт www