Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Оозуңду жап, кой терисин жамынган карышкыр. ЖКда депутаттардын ортосунда кагылышуу болду

Жинденген Жеңишбек Токторбаев Тазабек Икрамовго көчөдө сүйлөшүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы жыйынында депутаттар Жеңишбек Токторбаев менен Тазабек Икрамовдун ортосунда оозеки чыр чыкты.

Токторбаев өз сөзүндө кесиптеши Адахан Мадумаровдун “Контрразведка иши жөнүндө” жана “Улуттук коопсуздук органдары жөнүндө” мыйзам долбоорлорун көтөрүп жатат деп айыптаган сөздөрүн эске салды.

«Комитет бул мыйзам долбоорлорун карап чыгып, палатанын кароосуна киргизди. Адахан Мадумаров мени бул документтерди тапшырды деп айыптай баштады”, - деп айтканга үлгүргөн Токторбаев, андан кийин спикер Талант Мамытов микрофонду өчүрүп салды.

Бирок бир канча убакыттан кийин Токторбаев сөзүн улантты.

«Адахан мырза, кой терисин жамынган карышкырдын кейпиндесиң» деп спикер кайрадан Токторбаевдин микрофонун өчүрүп, кесиптештеринен күн тартибине ылайык сөз сүйлөшүн өтүндү.

Өз кезегинде Токторбаев нааразылыгын билдирип кыйкыра баштады. Жанында жүргөн Тазабек Икрамов ашыкча эмоцияга алдырбоосун суранып, ага Токторбаев: «Оозуңду жап. Көчөгө чык сүйлөшөбуз”. Икрамов чечкиндүү түрдө ордунан туруп, каршылашына жакындай баштады, бирок депутаттар убагында тынчып калышты.

Жогорку Кеңештин депутаттары Балбак Түлөбаев менен Исхак Масалиев кесиптештерин этика нормаларын сактоого чакырып, элдин кызыкчылыгын коргой турганын эскертишти.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх